• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды, төртөөнүн абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, Кыргызстандын 49 жараны жаракат алды. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымакта ылайык, кырсык 27-сентябрда болгон, жабыркагандардын ичинен төртөөнүн абалы оор, учурда алар ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок.

Кырсык болгон жерде Россиянын тергөө комитетинин, прокуратура, ӨКМ, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат.

«КРнын РФдагы элчилигинин жана КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн кырсык болгон жерге барышты», - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчиликтен кошумчалашкандай, «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын биринде да медициналык жана башка камсыздандыруусу болгон эмес.

Аталган маселе Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий