• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиядан келген дарыгер коронавирус жуктургандарды кантип дарылай тургандыктарын айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн россиялык медиктер келишти. Россиянын Коргоо министрлигинин учагы Канттагы авиабазага келип конду. Медкызматкерлер өздөрү менен медициналык жабдыктар жана дары-дармектерди ала келишкен.

Россиялык адистер аскер кызматкерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге практикалык жана кеп-кеңеш түрүндөгү жардам көрсөтүшөт. Алар Бишкек жана Оштогу аскер ооруканаларында иштешет.

Москва шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгер-эпидеомологу, подполковник Евгений Спиценконун айтымында, алты бригададан турган медкызматкерлер тобу керектүү медициналык жабдыктар менен келишти.

"Бригаданын курамына анестезиолог-реаниматолог, терапевт, медайым кирет. Алар COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз дарыгерлерине диагностикалык жана профилактикалык жардам көрсөтөт", - деди ал.

Журналисттердин “бейтаптарды кантип дарылайсыңар?” деген суроосуна Спиценко Россияда колдонулуп жаткан протолдун негизинде бейтаптардын клиникалык белгилери боюнча дарылай тургандыктарын айтты.

Россиялык адис Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч болгонун жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү керектигин белгиледи.

Кыргызстанга медиктер менен бирге жасалма дем алдыруучу 6 аппарат, жеке коргонуучу каражаттар жана дары-дармектер келди. Медкызматкерлер бир ай бою кыргыз дарыгерлерине жардам беришет, андан кийин кайра Россияга кетишет. Келген дарыгерлер тобу эки мамлекеттин башчылары Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий