• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны азаюуда

Ден соолук 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 7-жумасында (12.02-18.02.24) республика боюнча сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциянын 6746 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын - 6,5%га азаюусу байкалууда.

Бардык оорулардын 65,7%ы 14 жашка чейинки балдар.

Пикир

Оставить комментарий