• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктү шаарында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 06.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-январда Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Натыйжада саат 02:47де чектөөгө алынган жалын саат 03:17де толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун жалпы ээлеген аянты 300 чарчы метрге чейин жеткен. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Учурда материалдык чыгым жана өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий