• 88.68
  • 95
  • 0.95

Премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Өкмөт 0


Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров ант берди.

Ошондой эле жыйында өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Өз элинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында төмөнкү өкмөт мүчөлөрү ант беришти:

Премьер-министр - Садыр Жапаров;
Биринчи вице-премьер-министр – Артём Новиков;
Вице-премьер-министр – Равшан Сабиров;
Вице-премьер-министр – Максат Мамытканов;
Вице-премьер-министр – Элвира Сурабалдиева;
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр – Бактыбек Аманбаев;
Экономика министри – Санжар Муканбетов;
Финансы министри – Кыялбек Мукашев;
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Тилек Токтогазиев;
Транспорт жана жолдор министри – Бакыт Бердалиев;
Юстиция министри – Марат Жаманкулов;
Ички иштер министри - Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев;
Саламаттык сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – орун бош;
Маданият, маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков;
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси – Жыргал Сагынбаев;
Байланыш жана технология мамлекеттик комитетинин башчысы – Алтынбек Исмаилов.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Камчыбек Ташиев;
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы - Эрлис Тердикбаев.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапарында болгондуктан ант берүү аземине катыша алган жок.

Пикир

Оставить комментарий