• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри «Арчалы» реабилитациялык борборуна барды

Ден соолук 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын Паллиативдик жана хоспистик жардам ассоциациясынын теңтөрайымы Таалайгүл Сабырбекова менен бирге «Арчалы» республикалык реабилитациялык борбордун иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анда калкка медициналык жана реабилитациялык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында медициналык-реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү бөлүмдөр ачылган.

Министр бөлүмдү кыдырып, бейтаптар менен баарлашты. Ал инсульт алган бейтаптар дарылангандан кийин жакшы реабилитацияга муктаж экенин белгиледи.

Паллиативдик жардам бөлүмүндө тажрыйбалуу кызматкерлер төшөктө жаткан бейтаптарга жардам көрсөтө алышат.

«Учурда бөлүмгө дарыгердин туруктуу көзөмөлүсүз күнү-түнү жардамга муктаж бейтаптар кайрыла алышат. Бөлүмдө ден соолугунун көрсөткүчтөрү боюнча бейтаптарга акысыз жана акы төлөнүүчү медициналык жардам көрсөтүлөт», - деди сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

«Биздин өлкөдө паллиативдик жардам мамлекеттик деңгээлде өнүгө баштаганына кубанычтамын. Мындай реабилитациялык, паллиативдик жардам көрсөтүүчү жана медайымдык камкордукту камтыган борбордун ачылышы өлкөбүз үчүн абдан чоң кадам. Паллиативдик жардамдын маңызы өмүрдү узартуу же кыскартуу эмес, ал бейтаптын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Паллиативдик жардам өтө гумандуу, бул адамдын өзүнө жана анын жакындарына кам көрүү. Анткени кээде айыккыс ооруга чалдыккандардын жакындары чарчайт, айла таппай калат, аларга кантип туура кам көрүү керектигин билишпейт», - деди Кыргызстандын Паллиативдик жана хоспистик жардам ассоциациясынын теңтөрайымы Таалайгүл Сабырбекова.

РРБнын директору Нурлан Дүйшөналиев аларга №1 шаардык клиникалык ооруканадан төрт бейтап ангионеврология бөлүмүнөн жолдомо менен келип, дарыланып жатканын билдирди. Бүгүнкү күндө биздин дарыгерлер аларга бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат. Кошумчалай кетсем, бул бөлүмдөргө жаткыруу дарылоочу дарыгердин жолдомосунун негизинде жүргүзүлөт. Жолдомодо бейтаптын абалы, толук клиникалык диагнозу жана колдоочу дарылоо боюнча сунуштар камтылат.


Маалымат үчүн:

Бөлүмдөр төмөнкү функцияларды аткарат:

  • врачтын көрсөтмөсү боюнча симптоматикалык колдоочу терапия;
  • организмдин оорудан кийинки жоголгон же начарлаган функцияларын жана психологиялык жөндөмдөрүн калыбына келтирүү;
  • бейтаптарга кам көрүү, анын ичинде басымдагы жаралардын (пролежни) алдын алуу жана дарылоо;
  • туугандарын бейтаптарды багуу көндүмдөрүнө үйрөтүү;
  • негизги оорунун профили боюнча адис-врач жана башка адистиктеги дарыгерлер менен пациенттердин консультацияларын уюштуруу;
  • бейтаптарды багуунун заманбап методдорун иш практикасына киргизүү;
  • санитардык-гигиеналык иш-чараларды өткөрүү;
  • социалдык тейлөө системасынын органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүү ж. б.

Бул бөлүмдөргө жаткыруу дарылоочу дарыгердин жолдомосунун негизинде жүргүзүлөт. Жолдомодо бейтаптын статусу, толук клиникалык диагнозу жана колдоочу дарылоону жүргүзүү боюнча сунуштар чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий