• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыя жылуулук ишканасы штаттык режимде иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя жылуулук ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, деп билдирет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, орун басары Тимур Мадяров аталган ишканадан кабар алды.

Аталган мекеменин жетекчилигинин маалыматында ишкана өз нугунда иштеп жатат.Шаар тургундарына үзгүлтүксүз жылуулук жана ысык суу берилүүдө.

Жылуулук ишканасы учурда шаардагы 30 мекеме ишкананы жана 42 көп кабаттуу үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт.

Бүгүнкү күндө ишкана көмүр менен жылытууга өткөн, жылына 7000 тонна көмүр керектелет. Буга чейин ишкана реконструкциядан өткөн,электр энергиясы менен иштөөчү от казандары резервде сакталып турат.

Тимур Мадяров шаар жана жылуулук ишканасынын жетекчилигине, ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатында кемчиликтерге жол бербөө, ар кандай кокустуктардын алдын алуу тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий