• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндөн тартып контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, долбоордун максаты – колдонулуучу ККМди модернизациялоо жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултуу, коррекцияланбаган түрдө сактоо, иштеп чыгуу жана берүүнүн жаңы технологияларын апробациялоо.

Долбоордун башталгандыгына байланыштуу Салык кызматы ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкердик субъекттерди бул долбоорго ыктыярдуу негизде катышууга чакырат.

Долбоордо аппараттык, ошондой эле программалык ККМдин жаңы моделдери катышуучуларга акысыз негизде сынамык катары берилет.

Долбоорго катышуу – салык төлөөчүлөргө ККМди бекер алууга, бизнес жүргүзүүнүн жаңы деңгээлине өтүүгө жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга салым кошуусуна мүмкүндүк берет.

Пилоттук долбоорго катышуунун шарттары жөнүндө кеңири маалыматты 116, (0312)61-17-46 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан. ошондой эле аймактык салык органдарынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий