• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматынын беш кызматкери ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Салык кызматынын беш салыкчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов кол койду,-деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

“Салыкчылар кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле УКМК тарабынан кылмыш иши козголгондугу жана бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу жана урдоо фактылары боюнча айып тагылгандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотулушту”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий