• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Ош облусуна жана Ош шаарына барды

Коом 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бүгүн 24-январда, санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов жана анын биринчи орун басары Айнура Туйбаева иш сапары менен Ош шаарына жана Ош облусуна барышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында министрликтин жетекчилери Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, Архив кызматынын, «Инфоком» жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканаларынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр эки жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө, «Кыргыз Почтасы» ишканасынын үч филиалында, облустук, райондук жана шаардык маанидеги төрт мамлекеттик архивде болду.

Талант Иманов министрликтин алдында биринчи кезекте бардык ведомстволук бөлүнүштөрдө, анын ичинде калкты тейлөө борборлорунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу процессинде жарандар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү милдети тургандыгын белгиледи.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маанилүү. Калкты тейлөө борборлоруна, почта бөлүмдөрүнө жана ЖААК бөлүмдөрүнө кайрылгандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Бардык кызматкерлерден жарандардын кайрылууларын тез арада чечип, ар кандай кырдаалдарга тез арада чара көрүүнү суранам», - деп манариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов баса белгиледи.

Ошондой эле 25-январда министрликтин жетекчилиги Ош облусунун Араван районунун калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышып, Ош шаарындагы IT хабдын иши менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий