• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сания Шакирова кабылган жол кырсыгы: Айдоочу үй камагына чыгарылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Сот Эл аралык “Дүйнө сулуусу-2018” сынагынын жеңүүчүсү, маркум Сания Шакированын болочоктогу жолдошун үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, 2-июнда Чок-Тал айылына кире бериште айдоочу батыш тарапты көздөй бара жатып, унааны башкара албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Унаанын ичинде эки жүргүнчү болгон. Сания Шакирова алган жаракаттан улам жеринде каза болгон. Унааны анын болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айдоочунун мас абалында болгондугун көрсөткөн.

“Облустук сот кармалган жарандын баш коргоо чарасын карап, тергөө аягына чейин аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды”, - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий