• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында турак үйдүн короосунда 110 түк саман жана 9 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында ачык аянтта 4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында газ-пропан ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылгандыгына байланыштуу көзөмөлгө алынган.

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында ачык аянтта 10 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кара-Булак айылында ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Ленин районунда Казаков көчөсү №50 дарегинде жайгашкан мончодон өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий