• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо жана үгүт иштерине байланыштуу маселелерди кароо үчүн ыкчам штаб түзүлдү – ИИМ

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Президенттик шайлоо учурунда шайлоо тилкелериндеги коомдук тартипти 11 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 10-январында өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум өтөт. Мындан улам ИИМ республиканын аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн комплекстүү иш-чараларды өткөрөт.

"Кыргызстандын ар бир аймагында күнү-түнү иштей турган ыкчам штаб түзүлдү. Ал штаб шайлоо жана үгүт иштерине байланыштуу маселелерди, ошондой эле ЖМК жана интернетте тараган маалыматтарды карайт. 10-январга жакын милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Эгер үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар катталса, прокуратура менен биргеликте юридикалык баа берилет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында жалпы 2 миң 420 шайлоо тилкеси бар.

Пикир

Оставить комментарий