• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча 21 факт катталды - ИИМ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде шайлоодогу мыйзам бузуу фактылары боюнча 21 иш катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, 14 факт кылмыш иши жана 7 учур жорук иши катары катталган.

"Бишкекте 3, Жалал-Абадда - 5, Ош облусунда - 5, Чүй облусунда - 6, Баткен облусунда - 1 жана Нарын облусунда 1 факт катталды. Маалыматты каттоо китебинде 74 факт катталды", - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдиргендей, БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 108 арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий