• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды — ИИМ

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иш-чаралары башталган учурдан тартып 15-ноябрга карата шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта 28 кылмыш иши катталды. Анын ичинен Жазык кодексинин 192-беренеси “Шайлоочуларды сатып алуу” боюнча 21 факты, 82-беренеси “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча эки факты, 200-беренеси “Уурдоо” боюнча эки факты, 355-беренеси “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук” боюнча бир факты, 145-беренеси “Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу” боюнча бир факты жана 266-беренеси “Ээнбаштык” боюнча бир факты катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 27 жоруктар катталган. Анын ичинен Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси “Майда бейбаштык” боюнча бир факты, 87-1-беренеси “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” боюнча 18 факты, 94-беренеси “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” боюнча 6 факты, 90-беренеси “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” боюнча 6 факты жана 66-беренесинде “Ден соолукка жеңил зыян келтирүү” боюнча бир факты катталган.

Мындан тышкары, маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган, анын ичинен 43 номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий