• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Ак-Талаа районундагы соцмекемелерде болду

Аймак 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Нарын облусундагы эки күндүк иш сапары бүгүн Ак-Талаа районунда уланды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Тоголок Молдо айылында жайгашкан Ж.Сатылганов атындагы орто мектептин жана андагы бала бакчанын абалы менен таанышты. 1988-жылы курулган окуу имараты азыркы тапта эскирип, талапка жооп бербей калган. Андыктан, жергиликтүү тургундардын башкы талабы мектепти толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү.

Нурланбек Шакиев коштоп барган тиешелүү кийинки жылы толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү маселесин планга киргизүүнү табыштап: “Балдар биздин келечегибиз. Андыктан, алардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Мамлекетибиздин негизги максаты ушул. Билимдүү, ден соолугу чың коомду түзүү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо аркылуу гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз”, – деди.

Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, мамлекет тарабынан коррупцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн белгиледи.

Буга мисал катары былтыр эле жемкорлукка байланышкан жагдайлардан 15 млрд сом өндүрүлгөнүн кошумчалады.

Жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууда Тоголок Молдо айылын таза суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каржынын жетишсиздигинен токтоп турганы айтылды. Өз кезегинде Төрага резервдик фондунан 500 миң сом которорун убада кылды.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Баетов айылындагы Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун абалы менен таанышты. Анын ичинен айрымдары учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараты эскирип, жаңылоого муктаж. Ак халатчан адистер менен уюштурулган жолугушууда имаратты жаңылоо жана дарыгерлердин жетишсиздиги негизги көйгөй катары айтылды.

Нурланбек Шакиев жаңы имарат куруу тууралуу сунушту өзү көзөмөлгө аларын белгилеп, тийиштүү жетекчилерге маселени чечүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жаш адистерди тартуу жаатында жергиликтүү жетекчилер да жигердүү иш алып барышы керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары, “Жаш балаты” бала бакчасынан да кабар алган Төрага эскилиги жеткен имаратын жаңылоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.

“Борбордон алыс жайгашкан райондордогу социалдык мекемелердин абалы начар экенин баарыбыз көрдүк. Буга чейин да депутаттарыбыз Мирлан Самыйкожо менен Мурадил Сыдыков парламент жыйынында байма-бай көтөрүп келишкен. Андыктан, көйгөйгө өзгөчө көңүл буруп, Ак-Талаа району сыяктуу алыскы аймактардагы эскилиги жеткен социалдык мекемелерди жаңылап, ыкчам түрдө заманбап имараттарды куруубуз зарыл”, – деген төрага Ак-Талаа районундагы 22 бала бакчага заманбап принтер жабдууларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий