• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын ХБК кичи районундагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасына ылайык, ХБК кичи районунда мыйзамсыз обьектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда тротуарларга жеңил конструкция менен курулган жана каналдардын үстүнө орнотулган курулуштар, жөө жүргүнчүлөрдүн басуусуна тоскоолдук жараткан обьектилер алынып салынууда.

Белгилей кетсек, обьектилердин ээлери мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштеринде Муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын жумушчу топторуна көмөк көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий