• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто “Креативдүү технологиялардын кербени” эл аралык фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Ош шаарында 12-15-октябрь күндөрү “Креативдүү технологиялардын кербени” эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан 300дөн ашуун катышуучу катышат.

Фестиваль педагогикалык коомчулуктун, билим берүү тармактарынын, жаш студенттердин көңүлүн окуу процессинде, практикада кревтивдүү технологияларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө буруу максатында өткөрүлүүдө.

Ачылыш аземи С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчада өтүп, анда мугалимдер үчүн панелдик талкуулар, мастер-класстар жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөлөрү, улуттук тамак-аштардын жарманкелери да болот. Иш-чара Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош облустук улуттук драма театрынын, Алымбек-Датка этнографиялык комплексинин аянтчаларында өтөт.

Фестиваль Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий