• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шектүү асынып алган окуя. Сокулук райондук милициясынын башчысы жана орун басары кызматтан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алган. Окуя мындан бир нече күн мурун болгон. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында Сокулук РИИБдин башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду.

Ушул эле буйрук менен ИИМ, Чүй ОИИББдин 2 жетекчисине жана 5 кызматкерине тартиптик жаза берилди.

Териштирүүнүн жыйынтыгында төмөнкү бузуулар аныкталган:

  • КР укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптары бузулгандыгы
  • ишенип берилген өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл болбогондугу
  • ИИОнун кызматкерлеринин ишин регламенттеген бир катар нускамалардын талаптары бузулган.

Пикир

Оставить комментарий