• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар реабилитациядан өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек. 06.06.23. /Кабар/. Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар реабилитациядан өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-февралында «Айкөл» операциясынын алкагында 18 аял жана 41 бала Сириянын жер которгон лагерлеринен Кыргызстанга кайтарылган.

Репатриация АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын аракети менен ишке ашырылды.

Кыргызстанга келгенден кийин аялдар жана балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алар медициналык, психологиялык, теологиялык, билим берүү адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча иш алып барышкан. Балдарды документтештирүү иштери да жүргүзүлдү.

Ишке тартылган мамлекеттик органдардын адистеринин жакшы координацияланган командалык ишинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Кыргызстандагы миссиясынын колдоосу менен 2023-жылдын 1-июнунда реабилитациялоо процесси аяктап, бардык аялдар жана балдар жашаган жерлери боюнча региондорго жөнөтүлдү.

Ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик органдар аларды реинтеграциялоо жана коомго адаптациялоо боюнча иштерди улантат.

Репатрианттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо процессин жалпы координациялоону Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий