• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Макаодон келген делегация менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) жетекчиси Темир Сариев Макаодон келген делегация менен жолукту, деп билдирет СӨПтүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, делегацияны Чен Цзе жетектеп келген, ал Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Элдик саясий консультациялык конференциясынын Туруктуу комитетинин мүчөсү, Макао Шаньдун ассоциацияларынын жалпы ассоциациясынын төрагасы болуп саналат.

"Тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Делегация Кыргызстандын рыногун изилдөө үчүн келген. Алар дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды импортоого даяр, ошондой эле туризм, мейманкана курулушуна кызыгышат", - деп айтылат маалыматта.

КР Соода-өнөр жай палатасы инвесторлордун бардык аракеттерин колдоого жана жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий