• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Японияга келди

Президент 0


Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрь күнү иш сапары менен Токио шаарына (Япония) келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жээнбеков иш сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Ошондой эле Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, президент Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий