• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Президент 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жыйында эки маселе — укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралат.

Биринчи маселе боюнча Премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алып чыгат.

Пикир

Оставить комментарий