• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Мен оң рулдуу таксилерди колдонууну 2020-жылга чейин узартам

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоочулар менен болгон жолугушуулары учурунда оң рулдуу унаалардын тагдыры, аларды коммерциялык максатта колдонуу боюнча суроо берилди.

Буга Сооронбай Жээнбеков оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга уруксат берүү 2020-жылга чейин узартылышы керектигин билдирди. “Мен булл маселени көтөрөм, анткени түшүнүп турам, оң рулдуу унааларды такси катары айдап, иштеп жаткандар да үй-бүлөсүн, балдарын багып жатат. Учурда оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Акырындап бул маселе өз ордуна келет. Бирок бүгүнкү күндө бул маселени чечүүгө болгон аракетимди жумшайм”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 21.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий