• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Спортчу Амантур Исмаилов Азия оюндарында “коло” медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Грек-рим стилиндеги спортчу Амантур Исмаилов (67 кг) Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында коло медаль багындырды.

Үчүнчү орун үчүн болгон кармашта кыргызстандык мушкер Кытайдын өкүлүн 6:1 эсебинде утуп алды.

Ошентип, Кыргызстандын байге куржунунда учурда алты медаль бар: үч күмүш жана үч коло.

Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова жана Каныбек Жолчубеков күмүш медаль утушту.

Мээрим Жуманазарова менен Медет кызы Айпери коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий