• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 1401 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 401 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 907, Ош шаарында – 50, Чүй облусунда – 175, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 105, Баткен облусунда – 82 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 710 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 393, Ош шаарында – 81, Чүй облусунда – 83, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда – 21 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 1 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 855 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 580 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 961 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 130 миң 633 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 112 миң 644 киши айыгып чыкса, 2 миң 37 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий