• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ак-Өргө конушунда “Ай-Тилек” менчик балдар бакчасынын от жагуучу бөлмөсүндө меш жарылган. Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы эркек киши бутунан жана жамбашынан күйүк алып ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Султан айылында сарайдын ичинде 1200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жалпы аянтты 270 чарчы метр болгон кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 20 түк чөп, 20 боо отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол жээгинде “Матиз” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий