• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 28 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 28 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 5, Чүй облусунда 6, Ош шаарында 4, Ош облусунда 6, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 19 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 60 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 661 учур катталды, алардын ичинен 1 384 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 32 миң 813кө жетти. Илдеттен жалпы 20 миң 388 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1277ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий