• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак райондук милициясынын жетекчилиги эл менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда Сузак райондук милициясынын башчысы Арстан Усанов милициянын көчмө кабылдама унаасында эл менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жарандарга жеринде юридикалык кеңештер берилип, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Арстан Усанов район тургундарын мал жана мүлк уурулуктарынан сак болууга чакырып, жаш өспүрүмдөрдү тынымсыз көзөмөлдөп турууга үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий