• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузак районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Сузак районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу,Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын короолорун сел суулары каптаган.

Мындан сырткары, Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жараткандыгы үчүн Сузак райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда селден жабыркаган жергиликтүү тургундардын турак жайлардагы сел суулар мотопомпанынын жардамында сордурулуп коопсуз жайга чыгарылууда.

Сел сууга агып келген мал жандыктардын, үй канаттууларынын өлүгү тийешелүү кызматтар тарабынан залаkсыздандырылып, айыл ичин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын инженердик техникалар тартылып, сел каналдарда тазалоо жумуштары башталды.

Пикир

Оставить комментарий