• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта 5 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек. 06.07.23. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Барпы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Барпы айыл өкмөтүнүн Токой участкасында өскөн жапайы кара куурайды орушту. 4 гектар жерден жалпысынан 4 тоннага жакын кара куурай топтолгон.

Жалал-Абалд облустук милициясынан билдиришкендей, ошондой эле Сузак айыл аймагынан 1 тоннадан ашуун жапайы кара куурай орулган. Алар өрттөлүп жок кылынды.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар арасында баӊгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий