• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта милиция өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чара уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Спорт – ден соолуктун булагы” аталышындагы мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Таймашка жогорку класстардын улан жана кыздары катышып, баскетбол оюну боюнча күч сынашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле мекенди жана спортту сүйүүгө, мыкты билим алууга чакырышты.

Соңунда жеңүүчүлөргө Сузак милициясы тарабынан даярдалган кубок, дипломдор жана атайын китепчелер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий