• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук милициясына Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февралда саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн чала тааныш жети 7 адам сабап кеткендигин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында 4-февралда аталган кылмышка шектелип Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 29 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайыга киргизилген. Ошондой эле бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган.

Милиция алардын кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары:

  1. Сариков Абдыкалык Абдулхакимович1984-жылы туулган.
  2. Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган.
  3. Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган.
  4. Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган.
  5. Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган.
  6. Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган.

Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жогорудагы жарандарга 2023-жылдын 8-февралында издөө иши ачылган.

"Эгерде жогорудагы жарандардын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар болсо 102, (03748) 5 02 09, (0558) 16 16 91 номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - деп белгилешти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий