• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев Hyundai жана “Азиямоторс” компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Түштүк Кореянын Hyundai Consraction Equipment компаниясынын вице-президенти жана “Азиямоторс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушуу Кыргызстандын президенти инвесторлорду коргоо жана аларды ар тараптуу колдоо боюнча тапшырмасына ылайык уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен жогоруда аталган компаниялар чыгарган жол куруу машиналары жана ирригациялык жабдуулары менен Кыргызстандын тиешелүү министрликтерин камсыз кылуу боюнча сүйлөшүлдү.

Ага ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары компаниянын жетекчилигине атайын техникаларды сатып алуу үчүн узак мөөнөткө пайызсыз бөлүп төлөө шартында жүргүзүү механизмин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.

Белгилей кетсек, өлкө президентинин тапшырмасына ылайык унаа жана темир жолдорду куруу, эскилерин реабилитациялоо, ошондой эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Маселен, анын алкагында 2023-2026-жылдар аралыгында ирригация тармагына атайын техникаларды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом каралган.

Ошондой эле, өлкөнүн жол тармагын жакшыртуу үчүн КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен ири суммадагы каражаттар бөлүнүп, жаңы техникалар сатып алынууда.

Пикир

Оставить комментарий