• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төраганын ысымы ыйгарылган наристеге Дастанбек Жумабеков 50 миң сом “сүйүнчү” берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Талас облусунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын урматына жаңы төрөлгөн уулунун атын Дастан деп койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Дастанбек Жумабеков Талас райондук ооруканасына жасаган иш сапарынын алкагында жаңы төрөлгөн ымыркай жана жаш эне менен таанышып, аларга чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Маектешүү учурунда жаш эне көңүл буруп, көрсөткөн камкордугу үчүн Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, мамлекеттен да “сүйүнчү пул” алганын айтты.

Дастанбек Жумабеков акыркы 28 жылда мамлекет тарабынан жаш үй-бүлөлөргө жана жаңы туулган ымыркайларга жакшы көңүл бурулбай келгенин белгиледи.

“2018-жылы Жогорку Кеңеш бала төрөлгөндө 4-5 миң сом өлчөмүндө бир жолку “балага сүйүнчү” берүүнү караган мыйзамды кабыл алды. Бул биздин долбоордун башталышы болуп калды. Акырындап, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү менен сүйүнчү пулдун өлчөмү дагы да өсө баштайт. Азыр ал 4 миң сом болсо, келээрки жылы 10 миң сом, дагы бир жылдан кийин 15 миң сом болот. Эң башкы милдет, мыйзам долбоорун кабыл алыш керек болчу, биз аны кабыл алып, өкмөткө жаңы төрөлгөн ар бир балага бир жолудан “сүйүнчү” пул төлөөнү милдеттендирдик”, - деди ал.

Маектешүүнүн соңунда төрага кичинекей Дастанга батасын берип, ага узак өмүр, чың ден соолук каалады.

Муну менен катар жакшы кабары үчүн өз үй-бүлөсүнүн атынан 50 миң сом көрүндүк берип, жакынкы жылдарда Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ар бир балага мамлекет тарабынан ушундай өлчөмдө “сүйүнчү пул” берилээрине ишендирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий