• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы жер титирөө. Каза болгондордун саны 44,3 миң адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 44 миң 370 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча башкармалыгынын башчысы Юнус Сезерге шилтеме берүү менен "Анадолу" агенттиги жазды.

"Дээрлик кыйраган 21 миң имараттын ордунда издөө-куткаруу иштери аяктап, куткаруучулар толугу менен урандыларды тазалоого багытталоого өттү", - деди Сезер.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Ошондой эле 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

Пикир

Оставить комментарий