• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ЕБ Иран менен эсептешүү үчүн атайын каржы мекемесин түзөт

Дүйнө 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Европа биримдиги америкалык санкцияларды кыйгап өтүп, Иран менен эсептешүү үчүн атайын каржы мекемесин түзөт. Бул тууралуу ЕБдин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини Нью-Йоркто өткөн Иран менен «өзөктүк келишимге» кол койгон тараптардын жолугушуусунан кийин билдирди.

Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытайдын өкүлдөрү Тегеран өзөктүк келишимдеги бардык шарттарды аткарып жатканын ырасташты. Мындан тышкары алар Ирандын мунайы менен газынын экспортун колдоо жана ал өлкөдө иш жүргүзгөн бизнестерди коргоо тууралуу макулдашты.

Аталган беш өлкө АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын катышуусу менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди иштеп чыгууга катышкан. Ал келишимге ылайык, Иранга каршы киргизилген санкциялар алынып, Тегеран өзөктүк программасынан баш тартмак. Быйыл май айында Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн көп тараптуу өзөктүк келишимден чыга турганын жана Тегеранга каршы киргизилген санкциялар акырындап калыбына келтириле турганын билдирген. Мындан тышкары Вашингтон союздаштарын Ирандан мунай сатып алуудан баш тартууну талап кылган.

Европанын инвестициялык банкы Ирандагы европалык ишканалардын долбоорлорун колдоодон баш тарткан. Күн мурда швециялык Volvoкомпаниясы Иранда жүк унааларын чогултууну токтото турганын билдирген. Вашингтон тарабынан Иранга карата киргизилген чектөө чараларынан улам Volvo ал өлкөдөн төлөмдөрүн ала албай калган.

Пикир

Оставить комментарий