• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда президенттик кызматка Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын талапкерлиги мамлекет башчысы кызматына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Salamnews_rus кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынды. Буга чейин бул партия талапкерлигин сунуштаган Гурбангулы Бердымухамедов үч жолу өлкө президенти болуп шайланган.

Түркмөнстандын президенти 11-февралдагы Элдик кеңештин кезексиз жыйынында "жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин" айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Мунун артынан эле 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилеген.

Сердар Бердымухамедов былтыр сентябрда 40 жашка чыккан. Туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка 2007-жылы шайланган. Ага чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарып келген.

Пикир

Оставить комментарий