• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргон жана Тогуз-Торо милициясынын өткөн жылы аткарган иштери элдин талкуусуна коюлду

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн участкалык инспекторлорунун, балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери жарандардын талкуусуна коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элдик жыйындарга райондук мамлекеттик администрациянын, РИИБдин жетекчилик курамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйын учурунда милиция кызматкерлери тейлеген аймактарындагы укук тартибинин абалы, коронавирус илдетине каршы күрөшүү, кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтарды беришти.

Ошондой эле диний экстремизм жана терроризм, улуттар аралык араздашуу, мал уурулук, мектеп рекетчилиги, жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук жана өз өмүрүнө кол салуу сыяктуу маселелердин алдын алуу багытында баяндамаларды жасашты.

Милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын бекемдөө маселеси талкууга коюлуп, иш баяндамалардын протоколдоруна жазылып, мамлекеттик администрация жана айыл аймактардын жетекчилеринин кароосуна жөнөтүлдү.

Жалпысынан алганда жергиликтүү тургундар милициянын өткөн жылы аткарган жумуштарына канааттандырарлык баасын беришти.

Пикир

Оставить комментарий