• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Талас районунун аймагында кечээ, 22-апрелде катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен такташкандай, өзгөчө кырдаал режими Талас районунун акиминин 22-апрелде чыгарган №99 буйругунун негизинде жарыяланды.

Белгилей кетсек, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.

Учурда өзгөчө кырдаал катталган аймактарда Талас райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий