• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта 450 орунга ылайыкталган мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Таласта 450 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, учурда Талас районундагы Арал айылындагы Нанаев атындагы орто мектептин негизги курулуш жумуштары бүткөрүлүүдө, азыркы учурда айлана тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгиленгендей, мектеп 450 орунга ылайыкталып, учурда окуучулар үчүн эмеректер алынып, коюлууда. Курулуш иштери 2015-жылы башталган, подряддык уюму "Алтай Строй" ЖЧК.

Пикир

Оставить комментарий