• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Таласта эркин күрөш боюнча 2008-2010-жылкы жана 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөр арасында спорттун ардагери Ы. Тыналиевтин элесине арналган республикалык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш 12 салмак категориясында өткөрүлүп, жалпы 233 спортчу күч сынашты.

Мелдешке Бишкек, Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облусунун спортчулары катышып, жеңүүчүлөр мелдаль, диплом жана кубок менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий