• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта өрттүн саны 16%га азайды

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 ай ичинде Талас облусунда 46 өрт кырсыгы катталып (2020-жылы 55), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 16,4%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн болгон материалдык чыгым 4 млн 378 миң 720 сомду түздү. (2020-жылы 4 млн сомдон ашык).

Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган (2020-жылы 1 адам жаракат алган). 2021-жылы өрттөн 34 млн 800 миң товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. (2020-жылы 97 млн 660 миң сом).

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 13 (28,3%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 10 (21,7%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 8 (17,4%);

- балдардын от менен ойноосуунан –5 (10,9%).

Өрттөн болгон негизги объектилер:

- турак жай сектору - 37 (80%)

- унаа, гараж, турук (стоянка) - 2 (4,3%)

- кампалар, соода бөлмөлөр - 3 (6,5%)

- ачык аянттар - 0 (0%).

Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:

- Талас шаары - 5;

- Талас району - 8;

- Манас району - 9;

- Кара-Буура району - 15;

- Бакай-Ата районунда – 9 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий