• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Талас облусунда жаштар (18-20 жаштагылар) арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 23-26-март күндөрү “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлүүдө.

Бүгүн, 23-март күнү грек-рим күрөшү боюнча 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмакта беттештер болот. Ошондой эле саат 17:00дө чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Ал эми мелдештин экинчи күнү, 24-мартта 60, 67, 77, 87 жана 130 кг салмакта балбандар беттешет.

Ал эми 25-26-март күндөрү эркин күрөш боюнча мелдештер өтөт. Биринчи күнү 57, 65, 74, 86, 97 кг салмак даражада, ал эми экинчи күнү 61, 70, 79, 92, 125 кг салмак даражада беттештер болот.

Пикир

Оставить комментарий