• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитет КР “Үрөн жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү 1-окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КР “Үрөн жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы үрөн чарбачылыгы боюнча ченемдик-укуктук акыталардагы карама-каршылыктарды жоюуга, кемчиликтерди толуктоого, жоболорду айкындоого багытталган.

Долбоорго ылайык, аттестациядан өткөн үрөн чарбаларынын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилери так жазылууда. Ошону менен катар үрөндөрдү жана көчөттөрдү өлкө аймагына алып кирүүдө айыл чарбасын башкарган мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксатты, жана сорттуу үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн, реализаторлордун, импортчулардын жана экспортчулардын реестрин алып таштоо сунушталууда. Бул ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарында аталган ченемдердин колдонулбагандыгына жана коррупциялык түзүмдү жоюуга байланыштуу.

Талкууда бүгүнкү күндө өлкө аймагында жалпысы 109 үрөн чарбасы жана алардын 26586 гектар жери бар экени белгилүү болду. Мурда, советтер союзу маалында, Кыргыз Республикасы картошка, беде өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн экспорттоо менен белгилүү болгондугун белгилешкен депутаттар азыркы учурда тармактык министрлик кайсы өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн экспорттоого аракеттерди көрүп жаткандыгына кызыгышты. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев келечекте кылкандуу дан эгиндеринин, картошка, жүгөрү, кызылча жемиштеринин үрөндөрүн экспорттоо адистештирилип жаткандыгын айтты.

Комитет төрагасы Айтмамат Назаров базарларда сатылып жаткан үрөндөргө, айрыкча күнөсканаларда өчтүрүлүүчү жер-жемиштердин үрөндөрүнө тыкыр көзөмөл зарылдыгын, себеби, дыйкандар үрөн сатып алып, эгип мээнет төккөн соң жарытылуу түшүм албай калган учурлары бар экенин айтты.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоп, 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий