• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ташиев: УКМКнын эсебине түшүп жаткан бардык каражат мамлекеттик бюджетке берилет

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. "Коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эсебине түшүп жаткан бардык каражат мамлекеттик бюджетке берилет. Биз бул каражаттын бир сомун дагы башкарбайбыз", - деди атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө УКМКнын коррупция жана УКТ менен күрөшүүсүнөн мамлекеттик бюджетке акча каражаты жана мүлк түрүндө 200 млн доллардан ашык каражат түштү.

"Айрым объектилерде ишке ашыруу иштери башталды. Мисалы, Курментин цемент заводу, "Ай-Пери" бизнес борбору, "Кристалл" заводу жана көптөгөн кымбат баалуу унаалар. Бандиттер өлкөдөгү бардык ири объектилерде үлүшү бар болчу, бирок биз баарын мамлекетке кайтарабыз. Натыйжада болжол менен 1,2 млрд долларга жакын мүлк өлкөгө кайтарылат", - деди ал.

Ташиев айрыкча уюшкан кылмыштуу топторго кирген айрым адамдар 10-15 млн долларга жакын мүлкүн жана каражатын өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий