• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таштандыда жаткан бюллетень, добуш сатып алуу. Координациялык топко 25 кайрылуу түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде саат 8:00дөн бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 25 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында аталган координациялык топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын 12си такталып, иш жүрүүдө.

“Калган 13ү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан иштер жүрүүдө. Такталган 12 кайрылуунун бирөө административдик ресурс, төртөө үгүт иштеринин бузулушу, бирөө бюллетенди сүрөткө тартуу, экөө урналардын жанында белгисиз адамдын турушу, төртөө шайлоо комиссияларына карата маалымат болгон”, - дейт ал.

Шайназаров Ош шаарында партиялардын биринин өкүлдөрү акча таратып жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди.

“Ал Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошондой эле Бишкектеги №1054 шайлоо тилкесиндеги таштандыдан бюллетендер табылган видео боюнча иштер жүрүүдө”, - деп белгиледи Шайназаров.

Пикир

Оставить комментарий