• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстанда кар көчкүсүнөн улам 10 турак-үй зыянга учурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кар көчкүсүнөн улам Тажикстандын чыгышында жайгашкан Сангвор районундагы он турак-үй зыянга учурады. Мындан тышкары жергиликтүү тургундардын мал-жандыктары өлүп, бакчалары, бал челектери жана чарбактары талкаланганы кабарланууда.

28-мартка караган түнү түшкөн кар көчкүсүнөн улам Дараи Хайрон айылындагы жолдор жабылып, электр зымдары үзүлгөн. Айыл тургуну Али Сафаровдун айтымында, көчкү анын сарайын басып калган. «Биздин үйгө жеткен жок. Бирок сарайдагы 17 уюбузду жоготтук. Тоолуу айылда жашаган биз үчүн бул чоң жоготуу. Жалпысынан жаратылыш кырсыгынан 100дөн ашык уй өлгөнүн эсептеп чыктык», — деди ал.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалар комитети нөшөр жаандан улам райондордун биринде каналдын жээги желип, эки жашар кыз сууга чөгүп кеткенин билдирди. «Тилекке каршы, ата-энелердин коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан жана шалаакылыгынан улам эки жаштагы кыз каналдагы сууга чөгүп кетти», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Селден улам Ховалинг районундагы Даштирубоб жана Саяхфарк айылдарын байланыштырып турган көпүрө дагы зыянга учураган. Мындан тышкары суу ташкыны аталган райондогу «Гули Мурод» алтын өндүрүү ишканасын каптаган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1997-жылдан 2018-жылга чейин 3,4 миңден ашык табигат кырсыгы катталган. Алар келтирген чыгымдын жалпы суммасы 589 миллион доллардан ашкан.

Пикир

Оставить комментарий