• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги эмерек цехинен чыккан өрт дээрлик 5 сааттан кийин өчүрүлдү - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Бишкектеги эмерек цехинен чыккан өрт толугу менен саат 23.25те өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Матросов №1 дарегиндеги эмерек цехи күйүп жаткандыгы тууралуу билдирүү болжол менен кечээ саат 18.55те түшкөн.

Өрт саат 20:16да чектөөгө алынып, толугу менен саат 23:25те өчүрүлгөн. Жалпысынан 5 өрт өчүрүү эсеби тартылган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий