• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткөндөн кат – Ошто мезгил капсуласы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 26-январда, 1972-жылдын жаштары азыркы замандын жаштарына кайрылуу жасаган мезгил капсуласы ачылды.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мэриянын Жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери, 1972-жылы капсула салууга катышкандар, жаштар, шаардын активисттери катышты.

Иш-чаранын алкагында 50 жыл мурун капсула коюунун күбөсү, Ош шаарынын тургуну Ольга Корчагина 1972-жылдагы жаштардын кайрылуусун бардык катышуучуларга окуп берди.

“Коомубуздун биримдигин көздүн карегиндей ар дайым коргоп, көп улуттуу өлкөбүздүн элдеринин достугун чыңдай бергиле. Ата Мекенди коргоп, элдин бактысы үчүн бүт күчүңөрдү, керек болсо өмүрүңөрдү да берүүгө дайым даяр болгула. Маданий деңгээлиңерди, дүйнө таанымыңарды тынымсыз жогорулаткыла, көз карашыңарды кеңейтип, билим алуудан талбагыла” – деп жазылган катта.

Ага улай Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков Келечекке жаңы катты - 2073-жылдын жаштарына жазылган кайрылууну окуп берди. Аны да 50 жылдан кийин ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий